Биз социалдык тармакта

Японияда өспүрүм тайкесине уу берип өлтүрүүгө аракет кылган

Япониянын Тиба префектурасынын Ичихара шаарында өспүрүм тайкесине уу берип өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Daily Express басылмасы жазды.

Маалым болгондой, 17 жаштагы шектүү тайкеси катуу ууланып ооруканага түшкөндөн кийин камакка алынган. Дарыгерлер аны сактап кала алышкан. Экспертиза көрсөткөндөй, анын организминде уулуу кошулмалар бар болгон. Ал олеандр менен ууланган. Студент күнөөсүн мойнуна алып, кылмышка тайкесинин коңуругу себеп болгонун айткан.

"Мен анын коңурук тартканына чыдай албай, аны өлтүрүүнү чечтим",- деген студент.

Ал өсүмдүктү майдалап, агасынын мисо шорпосуна кошуп койгонун айткан. Учурда соттун чечими чыга элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан