14-18-январь аралыгында Ош мамлекеттик социалдык университетинин окутуучулары жана кызматкерлеринен куралган командалар арасында волейбол, стол тенниси, шахмат жана тогуз коргоол боюнча мелдеш өтөт. Мелдештин максаты - окутуучулар менен кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо, сергек жашоого жана дене тарбия, спорт менен такай машыгууга үгүттөө жана түрткү берүү болуп эсептелет. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, сынактын жеңүүчүлөрү 18-январда аныкталат.