2013-жылдын 14-декабрында Кытайдын Ай жана космос
мейкиндигин изилдөөчү станциясынын
«Чанъэ-3» модулдук аппараты “Юйта” спутнигин Айга алып чыккан.
Кытай СССР менен АКШдан кийинки Айга
космостук аппаратын ийгиликтүү алып чыккан 3-өлкө болуп эсептелинет. Акыркы жолу
1976-жылы советтик “Луна-24” автоматтык станциясы Жерге 170 грамм Айдын топурагын алып келген. Азыр кытайлык Айды изилдөө
программасы экинчи этапты өтүп жатат.
Биринчи этабында «Чанъэ-1» жана «Чанъэ-2»
аппараттары орнотулган. Үчүнчү
этапта – 2020-жылы Айдын топурагын Жерге алып келүү пландалууда.
Айда жүрүүчү «Чанъэ-3»
аппараты 13-январда кыймылсыз
режимин токтоткондон кийин Кытайдагы ММКлар Айдан тартылган сүрөттөрдү
жарыялашты.