Бүгүн, 25-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында "5-октябрь - Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан практикалык иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев да катышты. Мэр өз сөзүндө кырсыктардын кесепетин азайтуу ар бир жарандын жоопкерчилигине да байланыштуу экенин айтып, коомчулукту кырсыктардын тобокелдигин азайтууда биримдикте аракеттенүүгө чакырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө куткаруучулар табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктар катталган учурда аткарылчу ыкмаларды көрсөтүшүп, борбордук аянттан ӨКМдин атайын техникалары өттү.