Биз социалдык тармакта

Нидерландда Газада курман болгондордун ысымдары 50 күн тынбай окулду

Нидерланддын Гаага шаарындагы Тышкы иштер министрлигинин алдында 50 күн бою күнү-түнү Израилдин Газага жасаган чабуулдарында каза болгон болжол менен 65 миң палестиналыктардын аты-жөнү жана жашы окулду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, акцияны "Rotterdam Filistin Koalisyonu" фонду уюштурду. Максаты – Нидерланд өкмөтүнө Израилге каршы чечкиндүү чара көрүүгө басым жасоо.

Иш-чарага көчөдөн өткөндөр да кошулуп, ысымдардын тизмесинен окуп берип акцияга салым кошууда. Координатор Маргрит Оеле билдиргендей, июлдан сентябрга чейин акция жумасына 7 күн күнү-түнү өткөн, азыр болсо дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү уланып жатат. Өкмөттөн расмий жооп болбогондуктан акция токтобойт.

"Газанын курмандыктарынын ысымдарын окуу – алардын чыныгы адамдар экенин түшүнүүгө жардам берет",- деп кошумчалады Оеле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан