Биз социалдык тармакта

Милициянын атын жамынып жабырлануучуну коркутуп келген жаран кармалды

Ички иштер министрлиги 42 жаштагы киши алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран өзүн милициянын майору катары тааныштырып, 2024-жылдан бери Түштүк Кореядан унаа алып келип берем деген шылтоо менен акчасын алып, убадасын аткарбай жүргөн адамга чара көрүүнү суранган. Жабырлануучу акчасын кайтарууну талап кылганда, шектүү анын денесине залал келтирип, интимдик мүнөздөгү сүрөттөрүн жайылтып жиберерин айтып коркуткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан