Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Япониядагы өкүлү дайындалды

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Япониядагы өкүлү болуп Нургазы Исманов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал эл аралык долбоорлор жана дипломатия тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар адис. Учурда Токио шаарында жайгашкан Central Consultant Inc. консалтингдик компанияда иштеп, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү инфраструктуралык долбоорлорду жетектейт жана эл аралык кызматташтыкты координациялайт.
"Исмановдун палатанын Япониядагы өкүлү болуп дайындалышы кыргызстандык жана япониялык ишкерлер ортосундагы бизнес байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга өбөлгө түзөт",- деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан