Израил менен Сирия коопсуздук келишимине жетише албаса, Жакынкы Чыгышта дагы толкундоолор башталат. Мындай эскертүүнү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа жасады.
"Биз Израилге көйгөй жаратып жаткан жокпуз. Биз Израилден коркобуз. Израил тарапта сүйлөшүүлөрдү создуктуруу, аба мейкиндигин бузуу жана биздин аймакка басып кирүүнү каалоо менен байланышкан көптөгөн тобокелдиктер бар",- деди ал.
Белгилей кетсек, Сирия лидери АКШга сапарынын алдында Израил менен коопсуздук келишимине кол коюу ыктымалдыгын билдирген. Ал сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрү жемишин берерине ишенерин айткан.