Нью-Йорктун полициясы Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён жетектеген делегациянын курамын АКШнын лидери Дональд Трамптын кортежинен улам токтоткон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Буга чейин Нью-Йорк полициясы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кортежин да ушул эле себеп менен токтоткон.
23-сентябрда ушундай эле жагдайга Франциянын президенти Эммануэль Макрон да кабылган. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынынан чыкканда Трамптын кортежи өтүп кетиши үчүн көчөдө күтүүгө аргасыз болгон.