Биз социалдык тармакта

Израил Йемендин борборуна абадан сокку урду (видео)

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Йемендин борборуна абадан сокку урулганын билдирди.

"Биз "Жөнөтмө жүк жолдо" операциясынын алкагында Санадагы көптөгөн хуситтердин террордук буталарына күчтүү сокку урдук. ВВС учактары бир нече аскерий лагерлерге, анын ичинде Хуситтердин Башкы штабынын лагерине чабуул жасап, ондогон согушкерлерди өлтүрүп, пилотсуз учак менен курал-жарак кампаларын жок кылышты.

Мен кечээ убада кылгандай, ким бизге жамандык кылса, жети эселеп жазаланат", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.

Чет элдик басылмалар йемендик булактарына таянып, өлкөнүн борборуна 15тен ашык абадан сокку урулганын кабарлашты.

Израил Йемендин борборуна абадан сокку урду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан