Биз социалдык тармакта

НАТОнун баш катчысы: "Лавров Иса пайгамбар төрөлгөндөн бери Орусиянын тышкы иштер министри"

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кескин сындады.

Ал дүйнө жүзүн анын билдирүүлөрүн олуттуу кабыл албоого чакырды.

"Лавров... ал Иса пайгамбар төрөлгөндөн бери Орусиянын тышкы иштер министри болуп келе жатат окшойт. Ошондон бери анын оозунан пайдалуу эч нерсе чыккан жок. Ошондуктан Лавров мырзага көп көңүл бурбагыла", - деген ал Fox News телеканалына берген маегинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан