Ош мэриясы кабарлагандай, бүгүн, 26-сентябрда калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жайма базарды кыдырды.
Анда Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги суу корук аймакка кирип кеткен бир катар объекттерди тазалоо тапшырмасы берилди.
“Ак-Буура” эс алуучу жайынын суу корук аймагын аныктап берүү, "Ош-Сүт" ишканасы жайгашкан Атакул Жакыповго таандык жердин мыйзамдуулугун аныктоо, "Элит Парк" көп кабаттуу үйүнүн курулушун токтотуп, курулушка тиешелүү документтерин тактоо, кум-шагыл завод ишканасын шаардын сыртына чыгаруу тапшырмасы коюлду",- деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Ошондой эле тоок базар, мал союлуучу жай, жыгач базар жана темир базарларга эскертүү берилгени айтылды.