Биз социалдык тармакта

“Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

22-24-сентябрда Бишкек шаарында "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсу өткөрүлдү. Ага республиканын бардык аймактарынан 9 тарбиячы, 7 методист, 4 мамлекеттик тил мугалими жана 6 музыкалык жетекчи катышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Калыстар тобу конкурстун жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрдү аныктады.
Тарбиячылар арасында:
1-орунду Бишкек шаарындагы №93 "Адеми" мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Жолдошева Айгүл Майрамбековна;
2-орунду Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №16 мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Үмөтбекова Гүлжан Үмөтбековна;
3-орунду Ош шаарындагы №35 "Асан-Үсөн" мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Рустамова Айжан Абдылашымовна ээледи.
Методисттер арасында:
1-орунга Бишкек шаарындагы №25 мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти Малабекова Махабат Асанкуловна;
2-орунга Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы "Наристе-Сүлүктү" мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти Адырова Айлита Камиловна;
3-орунга Ош облусунун Өзгөн районундагы "Алтын ачкыч" мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти Тагаева Айкөкүл Турдубаевна татыктуу деп табылды.
Мамлекеттик тил мугалимдери арасында:
1-орунду Бишкек шаарындагы №162 мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Эркалиева Оксана Чынарбековна;
2-орунду Талас облусунун Талас шаарындагы №6 "Теремок" мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Сыргакбек кызы Толгонай;
3-орунду Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы "Сүлүктү Мурас" мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Надырова Майрамгүл Кочкорбаевна багындырды.
Музыкалык жетекчилер арасында:
1-орунду Чүй облусундагы "Чат-Кель колосок" мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Нуркулова Асия Бектурсуновна;
2-орунду Бишкек шаарындагы №13 "Тумар" мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Бусалаева Елена Александровна;
3-орунду Ош шаарындагы №40 "Наристе" мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Ибраимжанова Элмира Исраилжановна ээледи.
Маалым болгондой, конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Мугалимдер күнүнө карата 2025-жылдын 4-октябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан