Биз социалдык тармакта

Аскер шаарчасы-1 кичи районундагы жолду оңдоо иштери аяктады (фото)

Аскер шаарчасы-1 кичи районунда 1,3 чакырым жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата титулдук тизмесине ылайык аткарылды.

Оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт сыйрылып, жаңы бордюрлар коюлуп, ирригациялык тармак орнотулду. Жолдун жана тротуарлардын негизи асфальт төшөө үчүн даярдалган.

Белгилей кетсек, Аскер шаарчасы-1 кичи району Волков жана Садыгалиев көчөлөрүнүн аймагында жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан