
Футбол боюнча 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун расмий тумарлары жарыяланды. ФИФА тандаган символдор – ар кайсы өлкөнү билдирген үч жаныбар:
Мэйпл - багыш (Канада);
Заю - ягуар (Мексика);
Клатч - бүркүт (АКШ).
Бул тумарлар дүйнө чемпиондугун өткөрө турган мамлекеттердин табиятын, маданиятын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырат.
ФИФА президенти Жанни Инфантино алардын ар бири энергияны, кубанычты жана биримдиктин духун алып жүрөрүн белгиледи.
Маалымат үчүн: Дүйнө чемпиондугунун тумарлары 1966-жылдан бери турнирдин расмий бөлүгү болуп келе жатат. 2026-жылдагы чемпиондук 11-июндан 19-июлга чейин өтөт жана тарыхтагы 16-чемпиондук болуп эсептелет.