Биз социалдык тармакта

Баласынын колуна кишен салып жетелеген адамдын видеосу кызуу талкууда (видео)

Интернет желесинде баласынын колуна кишен салып, аны жетелеп алган адамдын видеосу тарады. Бул коомчулукта кызуу талкууланууда.

Видеонун автору окуяны тартып жатып, "ордуна турбаган шок бала болсо керек" деп айткан.

Бирок айрым интернет колдонуучулары бул көрүнүштү туура эмес десе, кээ бирлери балдарына да ушундай кишен керек экенин жазышууда.

"Тим эле кишен дей калышат, бул атайын баланы жоготуп албоо үчүн колдонулат", "Ит, мышык жетелеген кишендер го", "Баланы байлап алуу жапайычылык", "Менин кызыма да ушундай керек, ал дагы тентек" деген пикирлер жазылууда.

Баласынын колуна кишен салып жетелеген адамдын видеосу кызуу талкууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан