Айтылуу төкмө акын, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин кызы Сезим Иманалиева экинчи ирет эне статусуна ээ болду. Бул сүйүнүчтүү кабар менен бир тууган эжеси Айзуура Иманалиева социалдык тармакта бөлүштү.
"Ошол эле учурда ата-энебиз неберелерин көрбөй кеткенине ичим ачышат. Бизди карап, биз үчүн кубанып жатканына ишенгим келет. Кош келдиң, кичинекей!",- деп жазды ал.
Эске салсак, Сезим Иманалиева 2020-жылы 8-августта турмушка чыккан. Түгөйлөр буга чейин бир баланы тарбиялап келишкен.