Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда биринчи жолу жол чийиндерин чийүүдө колдонулуучу термопласт заводу ишке кирди

Кыргызстанда биринчи жолу жол чийиндерин чийүүдө колдонулуучу термопластты өндүргөн завод ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, министрликтин "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси "Вокко" ЖЧКсы менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында келишим түздү.
"Учурда завод толук кандуу жабдылып, керектүү минералдык материалдарды майдалоочу 2 тегирмен, заманбап өндүрүш линиялары жана сапатына жооп берген лаборатория менен камсыздалды. Толук кандуу ишке кириши менен ички рынокту камсыздап, келечекте экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү да карайт. Буга чейин термопласт толугу менен импортко көз каранды болгон болсо, эми ɵлкɵдɵ өндүрүлүп, логистикалык чыгымдар кыскарып, жол чийиндеринин сапаты жогорулайт. Жеткиликтүү баада сунушталган термопласт жол курулуштарында кеңири колдонулуп, унаа кыймылынын шарттарын жакшыртып, жол коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Аталган заводдон чыгарылган термопласт жогорку сапатка ээ болуп, 1 жылдык кепилдик жана 3 жылдык эксплуатациялык мөөнөт менен колдонулат",- деп белгиленди маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан