Орусиянын белгилүү кинорежиссёру, теле жана радио алып баруучусу Тигран Кеосаян 60 жашында көз жумду. Бул тууралуу 26-сентябрда анын жубайы Маргарита Симоньян Telegram-каналында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"8-январда Кеосаян клиникалык өлүмдү баштан өткөргөн. Андан кийин ал комага түшкөн. Тигран Кеосаян узак убакыт бою жүрөк оорусу менен жабыркап келген",- деп айтылат маалыматта.