Интернет желесинде АКШнын лидери Дональд Трамптын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга сылыктык көрсөткөнү тартылган сүрөт тароодо.
Анда Ак үй башчысы кесиптешине отургучту жакындатып жатканын байкоого болот. Чет элдик басылмалар сүрөт эки лидердин Вашингтондо болгон жолугушуусунда тартылганын жазышууда.
Айта кетсек, алар кечээ, 25-сентябрда жолугушкан.
Буга чейин Эрдоган Трамптын айынан Нью-Йоркто ыңгайсыз абалда калган эле.