Биз социалдык тармакта

Лукашенко Зеленский менен согушту токтотууну талкуулоого даяр

Беларустун лидери Александр Лукашенко Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу Лукашенко өзү "Россия 1" телеканалынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

"Менин ага (ред.: Зеленский) айта турган сөзүм бар. Менин оюмча, биз сүйлөшүүлөрдү өткөрө турган учур келди. Биз, үч славян мамлекетинин лидерлери, отуруп, бир пикирге келишибиз керек", - деди ал.

Лукашенконун айтымында, Украина 2022-жылы тынчтыкка келиши керек болчу.

"Крымды кошпогондо, бүт чыгыш Украинаныкы болмок. Жок, алар токтогон жок, чыгышты жоготушту. Эгер азыр токтошпосо, менин оюмча, алар бүт Украинаны жоготуп коюшат", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан