Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатканын билдирди.
Башкармалык аба ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилгенин белгиледи.
"Айдоочуларды Бишкек–Ош унаа жолунда жүрүүдө бардык коопсуздук жол эрежелерин так сактоого, унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.