Польшалык альпинист Анджей Баргель Эверест чокусунан кычкылтек колдонбостон лыжа тээп түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Муну менен 37 жаштагы альпинист Эверест чокусунан кычкылтексиз түшкөн дүйнөдөгү биринчи адам болуп калды. Буга чейин Эвересттен лыжа тээп түшкөндөр болгон. Бирок кычкылтексиз эч ким тепкен эмес.
Калың жааган кардын кесепетинен рекордчу 8000 метр бийиктикте, башкача айтканда, өлүм зонасында 16 саат убакытты өткөрүүгө аргасыз болгон.