Биз социалдык тармакта

Трамптын Газадагы согушту токтотуу планынын чоо-жайы ачыкталды

Сауд Арабиянын Al-Hadath телеканалы АКШнын президенти Дональд Трамптын Газадагы согушту токтотуу планынын чоо-жайын ачыктады.

Документ Газа тилкесинде ок атышууну токтотуудагы Вашингтондун кепилдиктерин камтыйт. Пландын негизги пункттары:

  • 48 сааттын ичинде тирүү жана өлгөн бардык израилдик барымтадагыларды бошотуу;
  • Миңдеген палестиналык туткундарды, анын ичинде өмүр бою эркинен ажыратылган 100-200 туткунду бошотуу;
  • БУУ жана эл аралык уюмдар аркылуу тез арада жардам көрсөтүү жана Газа тилкесиндеги гуманитардык фондду жабуу;
  • Араб жана эл аралык күчтөрдүн ХАМАСтын куралдарын чогултушу;
  • АКШнын Батыш жээкти Израилдин аннексиялоосуна жол бербөө боюнча милдеттенмеси;
  • Израилдик аскерлерди тилкеден акырындап чыгарып кетүү жана анклавдын айланасында коопсуздук коридорун түзүү;
  • ХАМАСтын лидерлеринин Газа тилкесинен чыгып кетүүсү үчүн аларга мунапыс сунуштоо;
  • Убактылуу өкмөттү түзүүнүн эки этаптуу процесси — адегенде эл аралык орган, андан кийин Палестина комитети.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан