Кытайдын Сычуань провинциясындагы Нама чокусунда турист сүрөткө түшүүгө аракет кылып жатып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Чокуга альпинисттер тобу менен бирге чыгууга бара жаткан турист селфи кылууга аракет кылган. Бирок ал катуу кардын үстүндө тайгаланып, ылдый, капчыгайды көздөй кирип кеткен. Жанындагыларда аны куткарууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Анткени ал сүрөткө түшүү үчүн бири-бирине байланган аркандан өзүнчө бөлүнүп чыккан.
Окуя видеого тартылып калган. Бирок так датасы белгисиз.