Биз социалдык тармакта

Финляндия менен Швеция Орусияга чектеш жерде 5 миң адамдан турган бригада түзүүдө

Финляндия менен Швеция 5000ге жакын аскерден турган биргелешкен бригада түзүштү. Бригада Орусия менен чектешкен Лапландия аймагында жайгашмакчы. Бул тууралуу Iltalehti басылмасы НАТОдогу булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Жаңы звенонун өзөгүн кышкы согушка адистешкен Швециянын Норрботтен атындагы механикалаштырылган бригадасы түзөт. Анын курамына беш батальон жана көмөкчү бөлүмдөр кирет.

Басылманын маалымат булактарынын айтымында, бригаданын курамына Норвегия менен Даниянын аскерлери да кирип, ага скандинавиялык мүнөз берилип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан