Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова кыргыз тили күнүнө карата уюштурулган иш-чарада "Теңтуштар" аттуу элдик чыгарманы аткарды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз диаспорасынын, ошондой эле элчиликтин демилгеси менен өткөн.
Комментарийде элчи айымга көптөгөн жылуу сөздөр жазылууда.