Биз социалдык тармакта

Ош ОИИББ: Кесиптик майрамга карата кызматкерлер жана ардагерлер сыйланышты

Бүгүн, 29-сентябрь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгында кесиптик майрамга карата кызматкерлер жана ардагерлер сыйланышты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сѳз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ички иштер органдарында 25 жылдан ашуун кызмат өтөгөн милициянын майору Алтынбек Орозов ардактуу эс алууга узатылды.
Башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов сыйлык ээлерин ИИМдин жетекчилигинин жана өздүк курамдын атынан куттуктап, ийгиликтерди каалап өттү.
Ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсан Камчиев ардагерлерди жана сыйлык алган кызматкерлерди куттуктап, алардын жараткан ийгиликтери үчүн жакындарына терең ыраазычылык билдирди.
Соңунда өздүк курам салтанаттуу саптык жүрүш менен басышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан