Орусиялык актёр Сергей Астахов Евгений Мироновго “үйлөнгөнүн” кеңкелестик деп баалады

2013-жылдын 11-декабрында Евгений Мироновго үйлөнгөнү айтылган орусиялык актёр Сергей Астахов Москвада белгилүү мушкер Рой Жонстун кечесине келип, иш жүзүндө өзүнүн гей эмес экенин көрсөттү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар маалымдады.

Кечеге досу Артём Михалков менен келген Сергей Астаховдон журналисттер Евгений Миронов менен Германияда баш кошкону тууралуу тактоо иретинде суроо узатышкан. “Мен мындай кеңкелестик тууралуу эч нерсе дебейм. Бирок, биздин өлкөдө да АКШдагыдай мыйзам кабыл алуу керек. Эгер биздин үйлөнгөнүбүз туурасындагы маалымат такталса анда жакшы, эгер такталбаса, бул маалыматты тараткан кишилерди жоопко тартуу керек” дейт ал.  

Кече ортолоп калган маалда Астахов жигитчилик кылып өзүнүн сүйүктүү кызын эшиктен тосуп алган. Ал кыз менен түн жарымда гана кечеден чыгып кетишкени айтылат.

Эске салсак, Евгений Миронов менен Сергей Астахов Германияда үйлөнүшкөнү тууралуу маалыматты 11-декабрда орусиялык маалымат булактары режиссёр Кирилл Ганинге шилтеме берүү менен жазып чыгышкан. Анда алардын 10-декабрда Германиянын аймагында расмий түрдө баш кошушканы айтылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
lucky_star
2014-01-16 18:10:19
Бр*д какой-то. Гей эмес болсо ачык эле айтпайбы, такталса жакшы, такталбаса тиги-бу деп мандражданбай...
+1
nurzat90
2014-01-16 18:20:54
ал анда гей
0
Brat_Kuba
2014-01-16 18:36:02
Олуп кеткилечи!
0
Lumia-800
2014-01-16 19:38:30
Негизи "мынайлар" актёр,ырчы,стилист,паримехер дегендерден коп чыгат. Ким билсин еимиси гей,кимиси жигит...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан