Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулуштар боюнча рейд жүрүүдө

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Тоң районундагы башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, Бөкөнбаев айылындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, комиссия айылдын Тойгонов, Токтогул, Бөкөнбаев жана Саке-Ажы көчөлөрүн кыдырды. Аталган көчөлөрдөгү кызыл сызык, ошондой эле курулуш сызыгынан чыгып кеткен курулуштар боюнча рейд жүргүзүлүп, алардын ээлерине мыйзамсыз курулуштарды алуу боюнча эскертүүлөр берилди.
Башкармалык тарабынан мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылары кошумчаланган маалыматта.
Эске салсак, рейддик иш-чаралар президенттин 2022-жылдын 8-апрелиндеги Nº109 "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы жана министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы Nº284 тескемесинин негизинде жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан