Биз социалдык тармакта

Ош облусунун башчысы улгайган жарандардан кабар алды (фото)

Бүгүн, 29-сентябрда Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев 1-октябрь — Карылардын эл аралык күнүнө карата аймактагы улуу муун өкүлдөрүн куттуктап, алардан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Алгач облус башчысы Ноокат районунун Ак-Булак айылына барып, 100 жаштагы ардактуу карыя Абдыкадыр Атабаевдин үйүндө болду. Жантаев анын ден соолугун сурап, майрамдык жылуу тилектерин билдирип, белектерин тапшырды.
Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл Араван районуна барып, Юсупова айыл аймагынын тургуну, Эмгектин ардагери Канахатхон Салимбаева менен жолугушту. Учурда 94 жаштагы Салимбаева апага чың ден соолук жана бактылуу карылык каалады.
Белгилей кетсек, учурда Ош облусунун аймагында 110 459 улгайган жаран бар. Алардын ичинен 1572 ардагердин жаш курагы 90дон ашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан