Ош облустар аралык ооруканасынын алды иреттелип пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, шаар тургундары катышып, жаңыдан жасалып пайдаланууга берилген көчөнү көрүп чыгышты.
Ошондой эле оорукана аймагындагы “БЭМАН” дарылоо-диагностикалык борбору мэриянын балансына өтүп, расмий ачылышы болду.
Белгилей кетсек, оорукананын Монуев көчөсүнөн Мадумаров көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү соода түйүндөр, дарыкана жана ашканалар каналдын корук аймагынан бошотулуп, тазаланган. Бошотулган жерге асфальт төшөлүп, иреттелип, унаа каттамдары үчүн жол эки тилкелүү болуп кеңейтилип, унаа токтотуучу жай да каралган.