
Бишкек - Кант - Токмок унаа жолуна асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, азыркы тапта жумуштар Новопокровкадан Калинин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, жолдун оң тарабында жүрүп жатат. Ал эми Калинин-Лермонтов көчөлөрүнүн аралыгында жердин негизин даярдоо, бордюрларды жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жумуштары аткарылууда.
Буга чейин Новопокровкадан Лермонтов көчөсүнө чейинки тилкесине асфальттын биринчи катмары басылган.