Биз социалдык тармакта

Ооганстанда интернет толугу менен өчүрүлдү

Ооганстан боюнча интернет кызматы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Талибан бийлиги адеп-ахлакты сактоо боюнча чараларды көрүп жаткандыктан, Ооганстан учурда интернет толугу менен өчүрүлгөн абалда",- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, телефон байланышы да үзгүлтүккө учурады.

Бул талибдер бийликти 2021-жылдын августунда басып алгандан берки биринчи окуя.

Сентябрдын орто ченинде талибдер Ооганстандын түндүгүндө “адептүүлүк” өнөктүгүнүн алкагында була-оптикалык интернетти жапкан.

"Бул чара адеп-ахлаксыздыктын алдын алуу үчүн көрүлдү. Муктаждыктарды канааттандыруу үчүн өлкөдө альтернатива курулат",- деди Ооган өкмөтүнүн басма сөз катчысы журналисттерге.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан