Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда жаңы мектеп курулууда

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында наркы 127 миллион сомду түзгөн жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.
Жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзгөн мектеп 375 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы менен курулууда. Курулуш иштери "Алихан строй" ЖЧКсы тарабынан аткарылып, заманбап талаптарга жооп берет.
Азыркы тапта 85 пайыздык жумуш аткарылганы кошумчаланган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан