Биз социалдык тармакта

Мээрим гана ааламды сактайт. "Реал Мадрид" клубунун оюнчулары Санжардын кыялын орундатты (видео)

Алматыда майыптыгы бар жаш футбол күйөрманы Санжардын кыялы орундалды.

Маалыматка ылайык, казакстандык ишкер, "Кайрат" футболдук клубунун ээси Кайрат Боранбаев аны "Реал Мадриддин" машыгуусуна чакырган.

"Бүгүн мен Санжарды "Реал Мадриддин" машыгуусуна чакырдым. Бул бала өзүнүн сүйүктүү командасын, өзгөчө Килиан Мбаппени көрүүнү көптөн бери кыялданган. Санжар өзүнүн кумири менен гана таанышпастан, бүтүндөй команда менен да баарлашкан. Оюнчулар аны жылуу тосуп алып, сүрөткө түшүп, кол тамга тапшырышты. Бала үчүн бул өмүр бою кала турган көз ирмем болду",- деп жазды ишкер.

"Реал Мадриддин" оюнчулары бул демилгени кубануу менен колдоп, Санжарга унутулгус эмоция тартуулашты.

Жаш Санжардын кыялы орундалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан