ХАМАС кыймылы АКШнын Газадагы кырдаалды жөнгө салуу планын жакын арада карап чыгат. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды.
Маалым болгондой, план боюнча ХАМАСка Египет жана Катар өкүлдөрү жеткиришкен. Басылма ХАМАС жооп берүүгө бир нече күн талап кылышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондо Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кабыл алган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШнын Ак үйү Газадагы согушту жөнгө салуу боюнча 20 пункттан турган планды жарыялаган.
Документте бардык барымтага алынгандарды кайтаруу, Израил үчүн ХАМАСтын коркунучун токтотуу жана Газада гуманитардык жардамды көбөйтүү каралган. Нетаньяху бул планды кабыл алган.