Биз социалдык тармакта

Кызыл-Кыяда Карыялар күнү белгиленди

1-октябрь – Карыялар күнүнө карата бүгүн, 30-сентябрда Кызыл-Кыя ШИИБинин башчысы Мирбек Толтоев өздүк курамы менен биргеликте ИИОнун ардагерлерин жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө майрамдык маанай тартуулашты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында жаш курагы 70тен ашкан он ардагерге куттуктоолор айтылып, белектер тапшырылды. Ошондой эле кызмат учурунда каза болгон милициянын лейтенанты Баатырбек Тойчиев жана милициянын ага лейтенанты Жалалидин Илязовдун үй-бүлөсүнө барып, алардын жубайларына белек берип, абалдарын сурап, баарлашып кайтышты.
Бул иш-чара мурунку муундардын эмгегин баалоо жана ыйман, урмат-сый сыяктуу баалуулуктарды даңазалоо максатын көздөгөнү жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан