Биз социалдык тармакта

ӨКМ айдоочуларга жолго чыкканда дөңгөлөк чынжырчасын алууну эскертти  

Өлкөдө күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга жана айдоочуларга жолго чыкканда дөңгөлөк чынжырчасын алууну эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Мекеме төмөндөгү эрежелерди эске алууну сунуштайт:
  • Зарылдыгы болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырып туруңуз;
  • Жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпоо керек;
  • Кар жаап, тайгак болсо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактаңыз.
ӨКМ кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине күнү-түнү акысыз байланышса болорун кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан