Биз социалдык тармакта

Алматыга "Кайрат" менен "Реал Мадриддин" беттешин көрүү үчүн 5 миңден ашык турист барды

Казакстандын Алматы шаарына "Кайрат" клубу менен "Реал Мадриддин" беттешин көрүү үчүн 5 миңден ашык чет элдик турист барды. Бул тууралуу аталган шаардын туризм башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, оюн 30-сентябрда Алматыдагы Борбордук стадиондо өттү. Тарыхый оюнду 20 миңден ашуун футбол сүйүүчүлөрү көрүштү.

"26-29-сентябрь күндөрү Алматыдагы футбол мелдешин көрүү үчүн 5 миңден ашык чет элдик турист келди. Туристтердин негизги агымы Кытай, Индия, Орусиядан болсо, Япония, Улуу Британия, Испания, Чехия жана башка өлкөлөрдөн да келишти",- деп жазылат башкармалыктын маалыматында.

Мелдештин жыйынтыгында "Кайрат" клубу "Реал Мадридге" 5:0 эсебинде утулуп калды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан