Филиппин жээгинде күчү 6,9 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу маалымат кечээ, 30-сентябрда Европа-Жер ортолук деңизи сейсмология борборунун расмий сайтында жарыяланды.
Маалым болгондой, жер титирөөнүн борбору Бого шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 18 чакырым аралыкта орун алган, ал эми очогу 10 чакырым тереңдикте жайгашкан. Жер титирөөнүн кесепетинен 26 адам каза болуп, 147 адам жаракат алган.
Жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени белгиленди. Учурда жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери уланууда.
Ошондой эле жер титирөөнүн айынан бир нече электр станциялары токтоп калгандыктан, Висая аралдарынын энергетикалык системин эскертүү режимине өткөрүү чечими кабыл алынды.