АКШнын коргоо министри Пит Хегсеттин скейтборд тебүү аракети ийгиликсиз аяктады. Бул учур Fox News телеканалынын түз эфиринде көрсөтүлгөн.
Министр мырза скейтборддун бир учун басканда ал кайра өзүнө тийген. Чет элдик басылмалар окуя скейтбординг академиясынын алдында болгонун жазышууда.