Израил аскерлери Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүүнүн алдын алуу максатында "Сумуд" глобалдык флотуна каршы операцияга даярданып жатышат. Бул тууралуу 1-октябрда Anadolu Ajansi маалымат агенттиги кабарлады.
Операция аймагына активисттерди кармоо жана кийинчерээк Израилдин түштүгүндөгү Ашдод портуна алып келүү үчүн аскердик кеме жөнөтүлөт. Планга ылайык, айрым кемелер Ашдодго тартылып келинет, ал эми башкалары чөктүрүлүшү мүмкүн.
Ондогон кемелерден турган глобалдык флот бир нече күндөн бери Газага карай багыт алып келе жатат. Анда чоң көлөмдөгү гуманитардык жардам, өзгөчө медициналык каражаттар бар.