Манас шаарына курула турган президенттин "Акылман" лицейинин эскиздик долбоору жарыяланды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Аталган лицей шаардын Азимов көчөсүнө курулат. Анын жалпы аянты 2,4 гектарды түзүп, анда 360 орундуу, 3 кабаттуу окуу имараты, спорт зал, 25 метрди түзгөн бассейн, 420 орундуу жатакана, 280 орундуу жыйындар залы, мугалимдер үчүн 25 батир курулат.
Курулуш өлкөнүн Турукташтыруу фондунан каржыланат.