Ысык-Көлдүн Барскоон айылында киши колдуу каза болгон кыздын жакыны Сыймык Нарынбек уулу тууралуу үн катты. Бул тууралуу видеону Сереп.ТВ медиасы жарыялады.
Видеодо маркум кыздын апасы Сыймыкка коомчулукка кайрылууга чыгып берүүгө уруксат берип, суранганын айтты. Бирок анын тууганчылык жайын ачыктаган эмес.
ИИМ бүгүн, 1-октябрда каза болгон өспүрүм кыз тууралуу массалык маалымат каражаттарына туура эмес маалымат тараткан деген шек менен Сыймык Нарынбек уулун кармаган.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалып, ИИМ окуя тууралуу маалымдаган.