Биз социалдык тармакта

Ош шаарында карылар күнү белгиленди

Бүгүн, 1-октябрда Ош шаарынын мэриясынын "Боорукердик" социалдык мекемесинде Эл аралык карылар күнүнө карата иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев карыяларды куттуктады.
Салтанат Аманова Жеңишбек Токторбаевдин куттуктоосун жеткирип, мэриянын атынан акчалай белек жана интерактивдүү доска тапшырды. Ошондой эле карыларга майрамдык дасторкон жасалып, концерттик программа тартууланды.
Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэриясынын "Боорукердик" үйүндө 30 улгайган адам жашайт. Ош шаарында "Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук" аттуу бир айлык уюштурулуп, анын алкагында социалдык колдоого муктаж улгайган жарандарга жана карыларга жардам берилип жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан