Биз социалдык тармакта

Мюнхендеги жарылуу жана ок атуу: Oktoberfest жабылды

Германиянын Мюнхен шаарында бүгүн, 1-октябрда таң эртең менен бир нече жарылуу жана ок атуу катталды. Полиция жана өрт өчүрүүчүлөр ири операция жүргүзүп, аймакты курчоого алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, коопсуздук чараларынан улам дүйнөдөгү эң ири фестивалдардын бири болгон Oktoberfest убактылуу жабылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алгач турак үйдө чыккан өрт тууралуу билдирүү түшкөн, бирок көп узабай жаңы жарылуулар болду. Лерхенауэр көлүнүн жанынан бир эркек кишинин сөөгү табылып, ал өрт чыккан үйгө жардыргыч орнотуп, андан кийин өзүн-өзү өлтүргөнү айтылды.

Полиция окуянын Oktoberfest менен байланышын иликтеп жатат. Мюнхен мэри Дитер Рейтердин айтымында, кылмышка байланыштуу болушу мүмкүн деген кат табылган. Аймактагы мектептер жана жолдор убактылуу жабылып, полиция иликтөөнү улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан