Биз социалдык тармакта

Баткенде милиция кызматкерлери карылардан кабар алышты (фото)

Кадамжайда милиция кызматкерлери Карыялар күнүндө ардагерлерден милициянын көчмө кабылдамасы менен кабар алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
1-октябрь – Карыялар күнүнө карата Кадамжай РИИБинин жетекчилиги милициянын көчмө кабылдамасы менен район аймагындагы ИИОнун ардагерлерине барып, куттуктап, абалдарын сурап, майрамдык маанай тартуулашты.
Мындан сырткары Кадамжай районунун Өрүк-Зар айылынын тургуну аз камсыз болгон жана жардамга муктаж жаранга материалдык колдоо көрсөтүлүп, ден соолугу жана жашоо шарты боюнча кабар алды.
Иш-чаранын негизги максаты коомдо карыларга болгон урмат-сыйды бекемдөө жана алардын коомдогу ордун даңазалоо болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан