Биз социалдык тармакта

Бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Бибимариям табылды

Бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан Бибимариям Турсунбаева аман-эсен табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-сентябрда С.О. аттуу жаран жашы жете элек кызын табууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен райондук милицияга кайрылган. Ал 30-август күнү Дордой-1 турак жай комплексиндеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча келген эмес.

Дайынсыз жоголгон жашы жете элек кызды аныктоо үчүн тез арада бардык керектүү издөө-иликтөө иш-чаралары башталып, кыз кечээ, 30-сентябрда Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан табылды.

Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Жашы жете элек кыз ата-энесине өткөрүлүп берилип, аларга профилактикалык кеңеш берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан