Биз социалдык тармакта

Таластагы Чат-Базар айылында жаңы бала бакча курулууда (фото)

Бүгүн, 1-октябрда курулуш министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилерин кыдырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, министр Талас районуна караштуу Чат-Базар айылындагы жаңы курулуп жаткан 50 орундуу бала бакчанын курулушу менен таанышты.
Бала бакчанын курулуш иштери министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Министр Нурдан Орунтаев курулуш тармагындагы иштерди үзгүлтүккө учуратпай, белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү боюнча жооптуу тараптарга тийиштүү тапшырмаларды берди.
Учурда иштеп жаткан бала бакчанын эскилиги жетип, айыл тургундары жаңы бала бакчага муктаж боло баштаганы маалыматта кошумчаланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан